Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Таласта балдар эмделди


ТАЛАС. Беш жашка чейинки балдарды А витамини менен эмдөөнүн жумалыгы Таласта жыйынтыкталды. Эмден өткөрүү боюнча түзүлгөн облустук штабдан алынган маалыматка караганда, алты айдан бир жашка чейин 2925 ымыркайдын 91,3 пайызы, бир жаштан беш жашка чейинки 18173 баланын 91,7 пайызы, эки айга чейинки жаңы төрөлгөн 743 ымыркайдын 86,9 пайызы эмдөөдөн өткөрүлдү. Өрөөндөгү тогуз төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келип жаткан наристелерди жыл аягына чейин эмдөө жүргүзүлө берет. Эмдөө жумалыгын жүргүзүү үчүн 80 кабинет уюштурулду, 25500 доза А витамини алынып келинген. Эмдөөгө Талас шаарынын жана Бакайата районунун эли жакшы катышкандыгы белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG