Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ысыккөлдө «Апийим-2004» операциясы жүрүүдө


КАРАКОЛ. “Апийим-2004” операциясы боюнча түзүлгөн облустук штабдан алынган маалыматка караганда, Түп жана Аксуу райондорунда кара куурай жыш өскөн аянттар арбын. Маселен, Түп районундагы Талдысуу айыл өкмөттүн аймагындагы 170 гектар жердеги кара куурайдын 41 гектары гана жок кылынган. Ал эми Арал айылындагы 80 гектар аянттагы жыш өскөн кара куурайдын бар болгону 20 гектары гана чабылган. Ошондой эле рейд учурунда айрым айыл тургундарынын апийим айдаган фактылары да кездешти. Түп районундагы Ырыс Дөөлөтов аттуу адамдын короо-жайынан 242 түп апийим табылып, анын үстүнөн тартип коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG