Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Сохтон согулуп жатышат


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн 19-июлда алынган маалыматка караганда, Сох анклавындагы өзбек чегарачылары менен бажычылары кыргыз атуулдарына жасаган мыйзамсыз аракеттерин дале токтотпой жатышат. Буга өзбек чегара бекеттеринен азап чегишкен баткендик айдоочулардын облус бийлигине арыз даттануулары, кайрылуулары күбө. Ал кайрылууларда жеке менчик автоунааалары менен Ош-Бишкек шаарларына жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар, Өзбекстандын Сох анклавынан өтүү кыйындап кеткендигин, өзбек чегарачылар менен бажычылары кыргызстандык автоунааларды ар кандай шылтоолор менен кармоодо.

Буга чейин чек арачылар 10-15 сом алып өткөрүшсө, азыр кеминде 30 сом алмайын өткөрбөсүн айтышып, облус бийлигинен бул маселени жөнгө салууну суранышкан. Учурда бул маселе боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат даярдалууда. Анда 2000-жылдын 2-июлунда кол коюлган кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимди өзбек тарап одоно түрдө бузуп жатканы эскертилип, чегарачылар менен бажычылардын мыйзамсыз аракеттерин тез арада токтотуу талабы коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG