Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Аскар Акаев Ош аймагында


ОШ. Бүгүн мамлекет башчысы Аскар Акаев түштүктөгү иш сапарынын алкагында быйыл жазда жер көчкүдөн жапа чеккен тургундардын жаңы конуштарында болду. Президент Будалык жана Карасөгөт айылдарында болуп өткөн жер көчкүдөн жабырланган атуулдар турак жай куруп жатышкан жаңы конуштарда болуп, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Эл менен жолугушуу учурунда иштин жүрүшү жакшы экендигин белгилеген өлкө башчысы, мамлекет казынасынын эсебинен курулуп жаткан 17 үйдүн ачкычы 31-август эгемендик майрамына карата салтанаттуу түрдө тапшырыла тургандыгын билдирди. Ушул эле жолугушууда жаңы конуштардагы мектеп, эмкана жана башка социалдык объектилердин курулуштарын куруу милдети эмдиги жылдагы өкмөттүн планына киргизиле тургандыгы маалым болду. Иш сапарынын аягында Аскар Акаев Карасуу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу ашар жолу менен курулуп бүткөн Алимтөбө орто мектебинин ачылыш салтанатына катышты.

XS
SM
MD
LG