Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Билим берүүдөгү коррупция жоюла баштаганы айтылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку окуу жайларына студенттерди тест сынагы аркылуу кабыл алуу тармактагы коррупциянын тамырын кесе баштады. Мындай маалыматты бүгүн Билим берүү министринин биринчи орун басары Гайша Ибрагимова билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, өлкөнүн билим берүү тармагында ири өзгөрүүлөр 2002-жылы башталып, азыр жалпы республикалык тест сынагын өткөрүү жана анда билимининин жогору экендигин көрсөткөндөрдү жогорку окуу жайларда мамлекеттин эсебинен окутуу системасы калыптанды. Каржы жана Билим берүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде Билим берүү министрлиги каражат жагынан көз карандысыз болду. Мектептерди жана мугалимдердин билимин жогорулатууну каржылоонун үлгү долбоорлору ишке киргизилди.

XS
SM
MD
LG