Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Акыйкатчы алты айдын жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, быйылкы жылдын алты айында аткарган иши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жарым жыл ичинде акыйкатчыга 6471 арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгүнө жооп берилген жана маселени чечүүнүн жолу көрсөтүлгөн. Айрым учурларда тийиштүү бийлик органдарына кайрылуу жолдонуп, укук бузуу фактылары четтетүүгө аракет жасалган. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловду 6-августан тарта шарттуу түрдө эркиндикке чыгаруу тууралуу акыйкатчынын юстиция министрлигине жазган катына болсо так жооп келе элек, деп белгиледи Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG