Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Бишкекте пикет өттү


БИШКЕК. Бүгүн Талас районунун Жонарык айылындагы «Табылды» дыйкан чарбасынын 20дан ашык мүчөсү Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алардын айтымында, буга айылдын тургуну Афтандил Тынышевдин сарай боюнча берген арызын 24-июнда Жогорку сот канааттандырып, анын пайдасына чечкендиги себеп болду. Алар нааразылык пикети менен Жогорку соттун чечимин жокко чыгарууну жана ага өкмөттүн таасир көрсөтүүсүн талап кылышты. Андан тышкары «Табылды» дыйкан чарбасына таандык сарай Афтандил Тынышевге туура эмес сатылган деп билдиришип, соттун чечими ишке ашырыла турган болсо дыйкан чарбасында иштеген 77 түтүн үй-бүлө ишсиз калаарын кабарлашты. Пикетчилер менен президенттик администрациянын өкүлү Таласбек Өмүрзаков жолугушуп, чатакты териштирүүгө убада берди.

Ушул эле күнү Бишкектеги эт комбинатынын жатаканасынан ушул жылдын март айында куулган 300 атуулдун ондон ашуун өкүлү шаардык мэриянын алдына пиккетке чыгышты. Алар муну менен Бишкектин айланасынан турак-жай курууга жер берилет деген убаданын аткарылышын талап кылышты. Пикетчилер менен мэриянын кызматкери Болот Апилов жолугушуп, турак-жай салууга жер Биринчи Май районунун аймагынан ушул жумада бөлүнүп берилээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG