Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

ЕККУ КМШнын сынына жооп берди


БИШКЕК. КМШ мамлекеттеринин ЕККУнун дарегине карата айткан сынын бир бөлүгүнө уюм макул эмес. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Маркус Миллер бүгүн билдирди. Анын айтымында, сындын ЕККУ экономика жана коопсуздук багытында кызматташууну өрчүтүүдө кемчиликтерге жол берүүдө деген бөлүгүндө чындыктын үлүшү бар. Бирок гуманитардык тармакка ашкере көңүл буруп кетти деген айыптоо негизсиз. "КМШ мамлекеттери ЕККУга мүчөлүккө кирип атканда анын стандарттарын аткарууга милдеттенме алган жана уюм мына ошолордун аткарылышына көзөмөл салууда", деп белгилейт Маркус Миллер.

XS
SM
MD
LG