Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

АКШ СЕНАТЫНДА ТУТКУНДАРДЫН ТАГДЫРЫ ТАЛКУУЛАНАТ


Ооганстанда жана Иракта АКШ армиясы баштаган коалициялык аскерлер колго түшүргөн туткундардын макамы Кошмо Штаттарында саясий курч маселе бойдон кала берүүдө. Учурда АКШнын Жогорку соту Кубадагы Гуантанамо базасында кармалып турган чет элдик туткундардын мыйзамдык макамын аныктоого далалат кылып жатат. Бул сот алардын укуктары Кошмо Штаттарынын өзүндөгү абактагылардыкы менен тең болушу керек деп айтууда.

Үстүбүздөгү апта Кубада жана Иракта Кошмо Штаттарынын камагында жаткан туткундар үчүн маанилүү мезгил болуп калмакчы. Ооганстанда АКШ баштаган согушта туткундалган 600 чакты кишинин үстүнөн угуулар АКШга караган Гуантанамо Бейде жакын арада башталууда. Бул туткундар аталган базада эки жарым жылдан ашык убакыттан бери адвокатсыз камалып жатышат.

АКШнын деңиз күчтөрүнүн катчысы Гордон Ингланд өткөн жума күнү билдиргендей, америкалык куралдуу күчтөр учурда Гуантанамодогу бардык туткундарга атайын өкүл дайындап жатышат. Өкүлдөр аларга угууларга даярданууга жардам беришет:

- Ар бир кишиге бөлүнгөн өкүлдөр камактагылар менен 19-июлдан тартып жолуга башташат.

Катчынын айтымында, биринчи угуу үстүбүздөгү аптада орун алат жана деңиз күчтөрү угууларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө далалаттанып жатат:

- Биринчи талап ушундай, угуу акыйкат болуп, так маалыматтарга негизделиши керек. Угуулар документтештирилет, туткундардын өкүлдөрү бул ишке адистик даярдыгы бар адамдар болушу керек. Экинчи талап – камактагылардын кызыкчылыгын эске алуу менен, угууларды колдон келишинче тез жүргүзүшүбүз зарыл.

Анын аралыгында, Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинде ушул күндөрү америкалык аскерлер кайтарган Ирак түрмөлөрүндө камактагылардын кордолушу тууралуу жаңы маалыматтар боюнча угуу өткөнү турат.

Комитеттин төрагасы сенатор Жонн Варнер угууга Ирактын АКШ дайындаган администратору Пол Бремер да келет деп үмүттөнүүдө. Бремер Ирактагы бийликти мындан үч апта мурда өлкөнүн убактылуу өкмөтүнө өткөрүп берген. Варнердин комитетинде буга чейин түрмө жаңжалы боюнча үч угуу болуп, АКШнын Коргонуу катчысы Доналд Расмфелд жана Пентагондун дагы башка мартабалуу өкүлдөрү комитеттин суроолоруна жооп беришкен.

Варнер Конгресс менен Пентагон ар кимиси өз иликтөөлөрүн жүргүзүп жаткан чакта Сенаттагы угуунун мааниси чоң болот деп эсептейт:

- Бир да аңтарылбаган таш калбайт, бардык маалыматты тыкат текшерип жатабыз. Эмне болду эле, кандайча жол берилди, жоопкер ким, эң негизгиси мындан кийин мындай нерсени болтурбаш үчүн эмне кылыш керек? Бул кырдаалды Коргонуу жана кайсы бир деңгээлде Юстиция департаменти да иликтеп жатат.

Өткөн аптада Эл аралык Кызыл Чырым уюму америкалыктар Иракта жана Ооганстанда колго түшүрүлгөн дагы башка туткундардын бир бөлүгүн эл билбеген жерде кармап турган болушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди. Пентагон бул шектенүүнү негизсиз деп четке кагууда.

Жаңжал мындан үч ай мурда, Багдаддын жанындагы "Абу-Граиб" түрмөсүндө туткундардын кордолушу түшүрүлгөн сүрөттөр ачыкка чыкканда башталган эле. Андан бери жаңжал Ооганстандагы камак жайларына да жайылып, сексуалдык кордоодон тышкары, камактагыларды уруп, кыйнап, алтургай өлтүрүлгөн учурлар болгондугу билинди.
XS
SM
MD
LG