Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

МИСИР АШЫРКУЛОВДУН «АТОМ БОМБАСЫ» КАЧАН ЖАРЫЛАТ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Учурда Кыргызстанда кырдаал тынч өңүттө өнүгүп жатканы менен, айрым адистер өлкөдө ар кандай саясый күчтөрдүн айгышкан күрөшү жүрүп жатат деп эсептешет. Бийлик өз саясатына каршы чыккандарды маалыматтык соккуга алса, экинчи тарап өз аргументтерин айтып, жооп кайтарат. Ал эми жакында өз жаатын таштап, башка жээкке өтүп кеткен Мисир Ашыркулов мурдагы пикирлештери талоонго ала берсе, аларга каршы “атом бомбасын” таштаарын эскерткен.

Жакында мамлекет башчысынын жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошоп, мурдагы пикирлештеринин катуу сынына кабылган “Адилет шайлоо үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мисир Ашыркулов эгер ушундай аракет улана берсе, алар тууралуу көп маалыматты билээрин, аны ачыкка чыгарса “атом бомба” сыяктуу зор жарылуу болоорун эскерткен:

-Мени азыр кичинеден чукуй берсе, мен кийин аларга “атом бомбасын” ыргытышым мүмкүн. Бардыгы эле, алардын арасынан Акүйдөн ар нерселер айтыла баштаганда мен айттым: "чукусаңар мейли, чукугула, анан кийин мен айтсам таарынбагыла" деп .

Мына ушундай эскертүүдөн соң бийлик өкүлдөрүнүн Мисир Ашыркуловго карата ашкере чабуулу солгундай түшкөндөй болду. Мамлекеттин саясатын жүргүзгөн маалымат каражаттары да мурдагыдай батыл жаза албай, баштапкы аракетинен тая түшкөнү байкалды.

Мына ушундан улам айрым байкоочулар Мисир Ашыркуловдун колунда Акүй жана анда иштеген адамдарга карата чын эле атом бомбанын күчүнө тете маалыматтар бардыгын айтып чыгышты.

Өз мезгилинде мына ушундай ыкманы Ысыккөл областын башкарып келип, кылмыш иши козголгон мезгилде Жумагул Сааданбеков колдонуп, ага башка кызмат берилгени маалым. Коомчулук ушундай ыкманы абакта жаткан Феликс Куловдон да күткөнүн айрым адистер айтышат. Бирок сот жараяны учурунда да, башка жагдайларда да Феликс Кулов ал ыкманы колдонбогону белгилүү. Ал эми Мисир Ашыркуловдун ушул сөзүнүн өзү Акүйдөгү абалдын кандай экенин ачыктап берет деп ырасташат көпчүлүк байкоочулар.

Мындай көрүнүштү Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов бул дагы болсо демократиянын шарапаты деп түшүндүрөт:

-Өз ичибизде бири-бирибизди тилдешке, бири-бирибизди сындашка акыбыз бар, ошону үчүн демократия .

Ал эми "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулу Мисир Ашыркулов мындай аракети менен Акүйдү коркута албайт деген пикирин билдирет:

-Эми ушинтип айтканы менен Акүйдү коркута албайт, бул - бир жагы. Экинчи жагы - Мисир Ашыркулов Акүйдөн кеткенинин себебин азыркыга чейин ачык айта элек. Анан келип эле "атом бомбаны" ыргытып жиберсем жарылып кетет дегени менин оюмча, бул - жаш баланын эле оюнундай нерсе .

Ал эми коомчулукта “кечээ жакында эле Акүйдүн жетинчи кабатында коюн-колтук эмгектенип келген Мисир Ашыркуловдун “атом бомбасы” качан жарылат, андан ким жабыр тартат?” деген суроо жаралып, ага ар кандай пикир айтылып келет. Айрым байкоочулар Өкмөт үйүн жарылгыч зат толтурулган челекке салыштырышат.

XS
SM
MD
LG