Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

ИРАН: ТЕГИ КАНАДАЛЫК ЖУРНАЛИСТ ЗАХРА КАЗЕМИНИ КИМ ӨЛТҮРДҮ?


Канадалык журналист-фотограф аял Захра Каземини өлтүрдү деп күнөөлөнүп жаткан Ирандын чалгындоо кызматынын агентинин үстүнөн сот иши жекшемби күнү токтоду. Каземинин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан белгилүү адвокат Ширин Эбади сотту маанилүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жашырып койду же эске албады деп күнөөлөдү. Эбади айым тынчтыктын Нобель сыйылыгынын лауреаты.

Канадалык журналист Захра Каземи айым былтыр июлда Тегерандагы түрмөлөрдүн бирине жакын жерде өтүп жаткан студенттердин демонстрациясын сүрөткө тартып атканда камакка алынып, кийин абакта өлгөн. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, Каземини тергөөчүлөрдүн бири бетке урганда, жерге кулап түшүп, ошо боюнча эс-учуна келбей ооруканада жан берген.

Сот оболу 54 жаштагы Каземи катуу нерсеге урунуп өлгөнүн билдирген. Бирок президент Хатаминин тапшырмасына ылайык түзүлгөн атайын комиссиянын изилдөөсү фотограф аялдын баш сөөгү катуу нерседен забын тартып, мээсине кан куюлуп каза болгонун тастыктаган.

Жекшемби күнү Захра Каземини өлтүрдү деп күнөөлөнүп жаткан Ирандын коопсуздук кызматынын агенти Мохаммад Реза Акдамдын тогуз айдан бери улам кийинге калтырылып келаткан соту токтоп, айыпкерге “атайылап эмес киши өлтүрдү” деген айып такты. Өкүм эми бир жума ичинде жарыяланыш керек.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар тобунун башчысы, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лаураеты Ширин Эбади сотту айыптын баарын Акдамга артып, башка күнөөкөрлөрдү “чаң жугузбай актады” деп сынга алды:

-Мен бул сотко макул эмесмин. Мен бул сотко макул болбойм. Бул сотко макул келип болбойт! Жараян бүттү деп билдирилди. Нааразылык иретинде, Захра Каземинин апасы жана биз, адвокаттар, чогуубуз менен соттон чыгып кеттик.

Ширин Эбади айым жетектеген адвокаттар тобу өлкөнүн чалгындоо кызматынын агенти Мохаммад Реза Акдамды башка күнөөкөрлөдү актоо үчүн курмандыкка чалынган бейкүнөө адам деп эсептешет. Сот мүчөлөрү менен үч гана жолу жолуктурулган “башкы айыпкер” - Акдам ишемби күнкү процессте анда эч кандай жазыгы жок экенин айткан.

Маркумдун апасы Эззат Каземи айым сотко кызынын жаагы жана манжалары күйүп калганын, мурду жана бутунун манжалары сындырылганын айтып, бийликтерди “кызымды уруп-кыйнап өлтүрдүңөр” деп күнөөлөдү.

Ырасмий бийликтер сот адилет өттү дешип, бардык айыптоолорду каралоо катары четке какты.

Эбади айым жекшемби күнкү пресс-конференцияда соттун таныктарды көз жаздымында калтыруусу, анын өзүнө каршы жараянга айланышы ыктымал экенин эскертти.

Башка бир адвокат Мохаммед Зейфзаде жекшемби күнү “Фарда” радиосуна берген интервьюда сот бийликтердин көрсөтмөсүнө ылайык жүрдү деген пикирин билдирди:

-Мен береги ишемби күнү эле сот кандай болоорун так билгем. Сот жараяны башталганда эле анын сценарий боюнча өтөөрүн айтканымда соттун төрагасы мени шашыла өкүм чыгаруудасың деген болчу.

Захра Каземинин өлүмүнө байланыштуу сот Ирандагы адам укугун бузуулар менен өлкөнүн түрмөлөрүндөгү абалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурду.

Соттун чечимине Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму “адилеттүүлүктү чануу” деп баалады. Евробиримдик да соттун акыркы сессиясына биримдиктин дипломаттары жана чет элдик журналисттер катыштырылбаганына нааразылыгын билдирди.

Канада болсо Тегерандан өз элчисин чакырып алды.
XS
SM
MD
LG