Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

СУДЬЯ ЮКОС ИШИН КАРООДОН БАШ ТАРТТЫ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү Москванын арбитраждык соту ЮКОС компаниясынын Орусиянын салык жыйноо боюнча министирлигине койгон доосун кароо мөөнөтүн ары жылдырды. Буга дейре ЮКОС компаниясынан салык министирлигинин пайдасына 99 миллиард рубль өндүрүү чечими мыйзамга дал келбейт деп келаткан сот Ольга Михайлова ишти аягына чыгаруудан баш тартты. Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин ишкердигине байланышкан соттун жүрүшүндө бул экинчи соттун иш жүргүзүүдөн баш тартышы. Анализчилер аларга сырттан кысым көргөзүү болгондугун белгилешет.

ЮКОСтун доо арызын кароо үчүн чогулган Москва Мещандык соту 19-июлда ал ишти кароону ары жылдырууга аргасыз болду. ЮКОСтон 99 миллиард рублди кесип берүү мыйзамга шайкеш келбейт деген көз караштагы сот Ольга Михайлова ишти андан ары уланталбай тургандыгын билдирип, андан баш тартты.

РИА “Новости” агенттиги билдиргенге караганда, “каралып аткан иштин тегерегинде басма сөз маалыматтарында пайда болгон көптөгөн макалаларды мен сотко психологиялык жактан кысым көргөзүү катары баалап, ошондон улам баш тарттым”, деген Михайлова.

Баса, буга дейре дагы бир сот - Наталия Чебурашкина да ЮКОС ишин жүргүзүүдөн четтетилген.

Бир жылча аки-чүкүсүн териштирүү менен убара болгон ЮКОС соту, мурунку аптада, иши башталган. Алгач болуп өзүнүн иши менен таанышканда айып тагылып аткандар ага өз мамилесин билдирген. Компанияны коргоого алып аткан адвокат Генрих Падва:

- Бүгүн күнөө тагылып аткан Ходорковский менен Лебедев сот алдында сүйлөп, аларга коюлуп аткан айыпты экөө тең четке кагышты, -деген болуучу.

Ошол жерде турган Михаил Ходорковскийдин адвокаты Юрий Шмидт:

- Албетте, сот үчүн алардын сүйлөгөн сөзүнүн анча мааниси жок. Айып тагып аткан тарап менен аларды коргоп аткан тараптар далилдери соттун өкүм чыгаруусуна негиз болуучу мааниге ээ, - деген болучу.

Кызык жери, саал мурдараакта, ЮКОС ишин коргоп аткан адвокат Сергей Пепеляев да салык министрлиги тараптан кысым көргөзүлүп атат деп басма сөз аркылуу датын айткан болучу.

Эмнеси болсо да, сырттан көз салуучулар, ЮКОС соту тууралуу, аны жыйырма биринчи кылым босогосундагы Орусиядагы бийлик менен ишкердик ортосундагы ири жакалашуу деп баалашууда. Ал жакалашууну кимдир бирөөлөр «президент Путиндин демилгесинен улам чыкты, азыркы тушта Орусиялык ишкерчилик бурчка камалып турат, анын колу-буту байланууда» десе, Вашингтондук коргонуу маалымат борборунун директору Николай Злобиндин ою боюнча:

- Чынчынына келгенде, (Орусияда – ММ) саясат ири ишкерчиликке өтө муктаж, ошондой эле, ири ишкерчилик саясатка өтө муктаж.

Июлдун биринчи он күндүгүндө (10.07.2004) Алманиянын Die Welt гезити Орусиянын ички абалында болуп аткан көрүнүшкө токтолуп, бир нече айдын ичинде ЮКОС компаниясы 55 миллиард доллар жоготконун белгилеген.

XS
SM
MD
LG