Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

НАТОнун башкатчысы Сербияда жүрөт


Яаап де Хооп Схеффер Сербиянын жетекчилерине алардын өлкөсүнүн НАТО менен алакасы Аскерий кылмыштар боюнча эл аралык трибунал менен кызматташтыкка жараша болоорун эскертти. Схеффер бүгүн Белградда Сербия –Черногория мамлекетинин Түндүкатлантикалык союздун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына катышуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

НАТО Сербияны жана Балкандын башка өлкөлөрүн өзүнө интеграциялоону маанилүү милдет деп эсептейт. Бирок башкатчы Схеффердин айтымында, бул үчүн бир катар шарттарды аткаруу зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG