Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Палестин өкмөт башчысы кызматтан чегинүү жөнүндөгү турумун өзгөртө элек


Ахмед Кореи бүгүн Рамаллада кабарчыларга төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мен премьер-министрдин кызматынан кетүү жөнүндө арыз бергем жана дагы бир жолу аны жазуу түрүндө президент Арафатка бергенимди ырастайм. Катымда кызматтан кетүүмдүн себептерин - баш аламандык менен мыйзамсыздыкты, атуулдардын муктаждыктарын, алардын проблемаларын чечүүнү көргөзгөм.

Бирок палестин лидери анын отставкасын кабыл албай жатат.

Бүгүн Ясир Арафат өзүнүн аталаш тууганы генерал Муса Арафатты автономиянын коопсуздук кызматынын башчылыгынан бошотту. Анын өткөн аптанын соңунда бул кызматка дайындалышы палестиндер арасында катуу нааразылыкты жараткан эле. Премьер-министр да ошондо отставкага берген. Кечээ болсо палестин согушкерлери менен генерал Муса Арафаттын жактоочуларынын кагылышуусунан кеминде 18 киши жаракат алган болчу.

Мунун алдында коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн бирине да кол салынган. Бүгүн палестин лидери генерал Абдель Разек Мажаиддге кайрадан коопсуздук кызматынын жетектөөнү тапшырды. Генерал Мажаид коопсуздук кызмат башчылыгынан өткөн аптанын соңунда Ясир Арафаттын өзүнүн сунушу боюнча кеткен.

XS
SM
MD
LG