Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:45

Тель-Авивде судья өлтүрүлдү


Тель-Авив. Тель-Авивде кечээ округдук судья Ади Азар өлтүрүлдү. Израильдин юстиция министри Йосеф Лапид билдиргендей, өлкөнүн тарыхында бул алгач ирет судьяны өлтүрүү фактысы болду. Судьянын өлтүрүлүшү боюнча жоопкерчиликти палестиналык “Ал-аксы азапчылары” деп аталган куралдуу топ өзүнө алды. Округдук судья өзүнүн үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлө баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG