Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Филиппин аскерлери Ирактан чыгарылды


Манила. Филиппиндин Ирактагы аскерлери өлкөдөн толугу менен чыгып кетишти. Филиппин бийлиги Ирактан өз аскерлерин мөөнөтүнөн бир ай мурда алып чыкты. Ирактагы террорчулар тобунун шарты мына ушундай болгон. Алар эгерде 20-июлга чейин Ирактан филиппин аскерлери чыгарылбаса, барымтага алынган филиппин атуулу Ангело де ла Крус өлтүрүлөт деп эскертишкен. Буга чейин “Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Ангело де ла Крустун өз мекендештерине жана филиппин президенти Глориа Аройого террорчулардын талабын аткарууну өтүнгөндүгү тартылган видеотасма көрсөтүлгөн. Филиппин бийлигинин өз контингентин Ирактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жөнүндөгү чечимине карата АКШнын жана Австралиянын өкмөттөрү кескин сын пикирлерин билдиришти. Азырынча барымтага алынган филиппин атуулу жөнүндө так маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG