Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Иран боюнча иликтөө уланууда


Вашингтон. АКШ президенти Жорж Буш Кошмо Штаттар Ирандын 2001-жылдын 11-сентябрындагы жардырууларга тиешеси барбы деген маселе боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнү улантат деп билдирди. Буга байланыштуу президент Буш:

- Албетте, биз бул маселе боюнча бардык маалыматты алгыбыз келет. Борбордук чалгын агенттигинин жетекчисинин кызматын аткарып жаткан Жон Маклафлин Иран менен 2001-жылдын 11-сентябрындагы жардыруулардын ортосунда түз байланыш жок деп билдирди. Бирок биз бул жардырууга Ирандын тиешеси барбы же жокпу, иликтөөлөрдү улантабыз. Мен буга чейин да бир нече ирет Иранга карата тынчсыздануумду билдирип келгем. Кантсе да, бул тоталитардык коом эмеспи.

Тегеран буга чейин “Ал-Каиданын” АКШдагы жардырууларды уюштурууга тиешеси бар террористтери башка өлкөгө өтүп бараткан жолунда Ирандын аймагына мыйзамсыз токтолгондугу ыктымал деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG