Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

КАЗАКТЫН ЭЛЧИСИ КЫРГЫЗДЫН ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРИН ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ ТАРАТКАН ДЕЙТ


20-июлда Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Умарзак Узбеков маалымат жыйынын өткөрүп, эки мамлекет ортосундагы мамиле тууралуу айтып берди. Элчинин пикиринде, Казакстан Кыргызстандын алдында өзүнө алган баардык милдеттенмелерин аткарууда. «Ошондон улам, Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун «Казакстан өз милдеттерин аткарбай жатат» деп айтканы чындыкка коошпойт" деп билдирди элчи Умарзак Узбеков.

Элчи пресс-конференцияны өткөрүүгө Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетовдун «Казакстан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген маалымат таратканы себеп болду деп билдирди. Умарзак Узбековдун айтымында, Базарбай Мамбетов эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык мамилелерге байланыштуу бир катар статистикалык маалыматтарды да туура эмес тараткан:

- Мисалы Базарбай Мамбетов мырза "Казакстан Кыргызстандан болгону быйыл 76 миллион кВт/саат гана электр кубатын сатып алды" деген билдирүү жасады. Айтып коёюн, Кыргызстандын "Энергетикалык станциялар" акционердик коомунун маалыматы боюнча, жалпысынан 15-июлга карата Казакстанга 913 млн. кВт/саат электр кубаты берилди. Анын 528 млн. кВт/саатын Казакстандын өзү сатып алды. Ал эми калган 385 миллиону Казакстан аркылуу Орусияга берилди.

Умарзак Узбековдун маалыматы боюнча, өткөн жылдын 24-25-декабрында Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегациянын Астанага жасаган ырасмий сапары учурунда түзүлгөн макулдашуулардын айрымдарын Казакстан толук аткарды. Айрымдарын болсо аткарууга аракет жасоодо. Анын айтымында, Казакстан өз аймагы аркылуу өткөн Кыргызстандын оор жүк ташуучу автоунааларынын ар биринен мурда 150 доллар алып келсе, эки мамлекеттин өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн келишим быйыл 14-июндан тартып күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын оор жүк ташуучу автоунаалары Казакстандын аймагы аркылуу бекер өтүп калды:

- Баса белгилеп коёлу, казак тарап мындай кадамга өзүнүн мамлекеттик бюджетине экономикалык чоң зыян келип жатканына карабай барып отурат.

Умарзак Узбековдун пикири боюнча, Казакстан тарап эки мамлекеттин башчыларынын Астанадагы өткөн жылдын аягындагы макулдашуусуна ылайык быйыл 24-февралда Кыргызстандын поюздары үчүн бааны ылдыйлаткан болчу. "Ошондон улам Казакстандын казынасы 1,3 млн. доллар чыгымга учурады". Мындай кадамга баруу менен ырасмий Астана Нарын-Сырдарыя суу-энергетикалык ресурстарын орток пайдалануу үчүн мамлекеттер аралык биргелешкен ишкана түзүүгө Кыргызстан макул болот деп ишенген. Мындан тышкары, элчи Умарзак Узбековдун айтымында, ырасмий Бишкек Ысыккөлдүн жээгиндеги союз убагынан бери Казакстандыкы болуп келаткан төрт пансионатты биротоло казактардыкы деп тааныйт деп ойлогон:

- Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Астанага барганда протоколго кол коюлган. Ага ылайык протоколго кол коюлгандан тартып бир айдын ичинде кыргыз тарап юридикалык процедураларды жасап бүтүп, пансионаттарды Казакстандын менчиги деп таанымак, - дейт элчи.

Бирок Кыргызстан ал макулдашууларды аткарбай койгондуктан 9-июлда Казакстан Кыргызстандын поюздарынан кайрадан мурдагыдай эле эларалык акы ала баштады.

Маалымат жыйынында журналисттердин «Эмне себептен Казакстан быйыл жылдагыдан бир жарым ай эрте дизель майын, башкача айтканда, көк майды Кыргызстанга сатууга тыюу салды?» деген суроого элчи так жооп айталган жок. Бирок ошентсе да, Умарзак Узбековдун айтымында, ар бир мамлекет өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам тигил же бул товарга убактылуу чектөө киргизет.

Андан тышкары Казак өкмөтү Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого ала турган эки тараптуу макулдашууга кол коюуга да көңүлсүнбөй жатканы ачыкка чыкты.

Айтор, талдоочулардын айтымында, 1997-жылы түбөлүк достук тууралуу келишимге кол койгон эки мамлекет ортосунда экономикалык атаандашуу күчөп турган чак. Анда Казакстан өзүнүн күйүүчү май, газ, автожол жана темиржол сыяктуу рычагдарын пайдаланып жатса, Кыргызстан Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттарды жана Дүйнөлүк соода уюмуна аймакта биринчи болуп мүчөлүккө өтүп алганын колдонууда.

XS
SM
MD
LG