Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

АКШ "АЛ–КАИДАДАН" УЛАМ ИРАНГА КАРШЫ ЧАРА КӨРҮШҮ АРСАР


АКШ президенти Жорж Буштун кечээги билдирүүсүнө караганда Вашингтон Ирандын 11-сентябрдагы террактарга тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөөнү улантат. Мунун алдында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Жон Маклафлин 2001-жылдын 11-сентябрында учактарды карактагандардын айрымдары кол салуунун алдында Ирандын аймагы аркылуу өтүүгө жөндөмдүү болгонун айткан эле. Бирок ЦРУ директорунун милдетин аткаруучу Маклафлин Иран ошол террорчулардын аракетине колдоо көргөзгөнүн ишаара кылган кандайдыр бир далил жок экенин белгилеген. Жогорудагыдай жагдай АКШ-Иран алкасын кай жакка өзгөртүшү мүмкүн?

Алдыдагы бейшемби күнү АКШда 11-сентябрдагы террактар боюнча иликтөө жүргүзгөн Көз карандысыз комиссиянын кортунду доклады жарыяланаары күтүлүүдө. Кабарларга караганда, комиссия Иран жалпы душмандарга каршы күрөшүү үчүн "ал-Каидага" жакындоону көздөгөн деген жыйынтыкка келген. Бирок комиссиянын пикиринде, "ал-Каиданын" лидери Усама бин-Ладен Иран менен алака түзүүдөн баш тарткан. Себеби ал шийи мусулмандары менен кызматташып, өзүнүн аларга атаандаш сунни колдоочуларын кемсинтүүнү каалаган эмес. Дүйшөмбү күнү Ак үйдө кабарчылар менен жолуккан учурунда президент Буш аталган маселенин айланасында мындай деди:

- Албетте биз бул маселе боюнча бүткүл маалыматты алууну каалайбыз. ЦРУнун директорунун милдетин аткаруучу Маклафлин Иран менен 11–сентябрдагы терракттардын ортосунда тикелей байланыш жок экендигин билдирди. Биз иликтөөнү улантабыз. Мен Иранга байланыштуу тынчыздануумду бир нече ирээт билдиргем. Акыр аягында бул -тоталитардык коом.

Ал эми ЦРУнун директорунун милдетин аткаруучу Маклафлин аларда Тегерандын 11-сентябрдагы терракттарга тикелей байланышы бардыгы жөнүндө далил жок экенин жекшембиде америкалык телеканалдардын бириндеги маегинде айткан болчу.

Айтор кандай болгон күндө да Жакынкы Чыгыш боюнча америкалык айрым эксперттердин пикиринде, азыр АКШнын Иранды жазалоо мүмкүнчүлүгү чектелүүдөй.

Маселен, Вашингтондогу Карнеги фондунун эксперти Марина Оттавейдин айтымында, эгер чын-чынына келгенде, комиссиянын күтүлүп жаткан доклады Иракка кол салуу жаңылыштык экенин көргөзгөн соңку жүйөөлөрдүн бири болот. Анткени президент Буш Иракка согуш ачуунун себеби катары Саддам Хусеиндин "ал-Каида" менен байланышы бар экендигин айтканы маалым.

Андыктан эми эксперт Оттавейдин пикиринде, президент Буштун тышкы саясатта аскер күчүнө басым жасашы Иранга каршы олуттуу чара көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтты:

-Азыр АКШ Иранга карата жасай алуучу нерсе көп эмес. Албетте АКШ үчүн бул жерде аскердик жол жок экени анык жана Ирандын Ирак боюнча айрым бир кызматташтыгы зарыл. Ирандын Ирактагы иштерди АКШ үчүн кыйындатып жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда АКШ Иранда Иракта жасагандай режимди өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Ал эми экинчи бир аналитик - Вашингтон университетинин эл аралык саясат боюнча профессору Натан Броундун пикиринде, Иран менен "ал-Каиданын" тыгыз байланышта туруусу арсар. Себеби тараптардын тутунган диний принциптери бири экинчисине өтө эле каршы келет:

-Иран менен "ал-Каиданын" тыгыз алакасы деген чындыкка коошпойт. Усама бин-Ладен чыккан чөйрөнү шийи мусулмандары дининен чегингендер катары баалайт. Ирандыктар "ал-Каиданын" лидерлерине жакындоону көздөгөн деген да мага мүмкүн эместей сезилет. Себеби алардын ортосунда көптөгөн жылдардан бери келе жаткан терең карама-каршылык бар.

Натан Броун ошондой эле Ирандын 11-сентябрдагы террактарга тиешеси бардыгы жөнүндө далил жок болгондуктан АКШ кандайдыр бир чарага барбайт деп эсептейт. Себеби алдыда болуучу саясий кырдаал да АКШ менен Ирандын конфронтациясы үчүн жагымдуу учур эмес. Ал эми АКШдагы таасирлүү уюмдардын бири, Тышкы мамилелер боюнча кеңеш өзүнүн жаңы отчетунда расмий Вашингтонду Тегеран менен сүйлөшүүнү болушунча тез баштоого чакырды. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Збигнев Бзежинскинин катышуусунда даярдалган ал докладда азыркы кырдаал Вашингтонго Ирандагы режимдин кулашын күткөндүн ордуна аны менен иш кылууга мандат берип жатканы айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG