Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

«Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов 22-июлдан баштап ачкачылык акциясын башташы ыктымал. Саясатчы эки күн мурун Башкы прокуратурага жолдогон катында ушундай билдирүү жасады. Өзүнүн чечимин Кулов мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө түрмөдөн чыгуу боюнча өзүнүн аракеттерине жаза өтөө мекемелери тоскоолдук жасап жатат деп негиздеди. Жагдайга байланыштуу «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши да 20-июлда билдирүү таратты.

№ 19 түрмөдө жаткан Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванованын билдиргенине караганда, аны мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө бошотуу маалы келип жетти. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчы институту саясатчыга байланышкан бардык сот жараяндарын, тергөө абагында кармалган кезин эсептеп чыгып, Куловду шарттуу бошотуу күнү 5-августка дал келет деген тыянак чыгарган. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул маселеге пикирин сурап юстиция министрлигине кайрылып, бирок ага жооп ала элек.

Феликс Куловдун Башкы прокуратурага жолдогон 18-июлдагы катына караганда, анын ушул өңүттө жазган 5-июндагы арызын түрмө жетекчилиги колдобой койгон. Мындай мамилени териштирүү максатында Куловдун түрмө жайгашкан аймактагы Сокулук райондук сотуна кайрылуу аракети да ишке ашкан эмес. Башкача айтканда, түрмө жетекчилиги Куловдун арызын райондук сотко өзү жеткирүүнү убада кылып, бирок аны аткарбай келатат.

«Арнамыс» партиясынын башчысынын орун басары Эмил Алиев бийлик саясатчыны сотко кайрылуу укугунан да ажыратып жатат дейт:

- Бул - одоно ката. Ага жол берүүгө юстиция министрлигинин да, колония жетекчилигинин да укугу жок.

Жогорку соттун маалымат кызматы Феликс Куловдун арызы Сокулук райондук сотко бара электигин ырастады. Маалымат катчы Нурия Иманкулованын айтымында, мыйзам боюнча соттун түрмөдө отурган адамдын жеке өзүнүн кайрылуусун кароого укугу жок:

- Кыргыз республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 365-беренесине ылайык соттор жаза өтөп жаткан жерден мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошотуу маселесин өкүмдү аткарып жаткан органдын сунушуна ылайык гана карайт. Учурдагы жагдайда муну түрмө жетекчилиги ишке ашырыш керек.

Куловдун акыркы билдирүүсүнө байланыштуу № 19 түрмөнүн да, Жаза өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгынын да жетекчилиги түшүндүрмө бере элек. Башкы прокуратура болсо эки күн мурда жиберилген саясатчынын каты мекемеге жете электигин кабарлады.

Оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери жана ал жетектеген партиянын мүчөлөрү акыркы жагдайды Куловду түрмөдөн чыгарбоо максатындагы бийликтин атайын аракети катары баалоодо.

«Бул - бийлик мени эркиндикке чыгарбастын аргасы үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыгын дагы бир ирет бышыктап турат» деп жазат Кулов дагы Башкы прокуратурага жолдогон катында.

Мындай доомат "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын" ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеваны анчалык ынандырбайт.

- Кайдан ошондой болсун, - дейт Үмөталиева, - Бардыгы эле мыйзам чегинде болушу керек. Себеби Феликс Шаршенбаевич жөнөкөй туткун эмес. Ал кишинин артында бир топ коомчулук туруп атат. Менимче, «саясий пиар» болуп атат го.

Ал эми «Арнамыс» партиясынынын саясий кеңеши 20-июлда тараткан билдирүүсүндө эгер Башкы прокуратура Куловдун катына көңүл бурбаса, ар кандай акциялардын башталаары белгиленген:

- Эркиндикке чыгаруу тууралуу Куловдун арызы каралбаса биз дагы бир топ саясий акцияларга барабыз, - дейт саясий кеңештин мүчөсү Бөдөш Мамырова, - Пикет, митинг болушу мүмкүн. Эмне себептен Кулов ошол мезгилге чейин кармалып турат? Биринчи кезекте бул боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ошолордон да жыйынтык чыкпаса, биз дагы саясий ачкачылык жарыялаганга мажбур болобуз.

Феликс Кулов болсо Башкы прокуратурага жолдогон катында эгер жагдай териштирилбесе 22-июлдан баштап саясий ачкачылык жарыяларын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG