Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ошто маңзат алып бараткан тажикстандык атуул кармалды


ОШ. Бүгүн Ош-Бишкек жолунун үчүнчү километриндеги Фурхад айылынын аймагында Түштүк бажысынын маңзат ишкердүүлүгүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 35 жаштагы тажик атуулу Чаршамба Ашырмаматов колго түштү. Ал келе жаткан жеңил автомашинаны текшерүү учурунда 8 кг. маңзат табылды. Колго түшкөн тажик атуулунун алдын ала тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнө караганда ал ташып келе жаткан маңзатын Ош аркылуу Казакстандын Алматы шаарына алып барып сатууну максат кылган. Түштүк бажы кызматынын оперативдүү маалыматтарына караганда, быйыл Ооганстанда опийим жылдагыга салыштырмалуу бир кыйла көп өстүрүлгөн. Мына ошондуктан өндүрүлгөн маңзатты Кыргызстандын аймагы аркылуу ташып өтүүнү каалаган аткезчилердин агымы да көп болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG