Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Азия өнүктүрүү банкы Ысыккөл облусундагы 20 мектепке жардам көрсөтөт


КАРАКОЛ. Мындай маалымат облустук билим берүү башкармалыгынан алынды. Ага караганда, Каракол шаарындагы бир мектепке жана элет жериндеги 19 мектепке Азия өнүгүү банкынын техникалык жардам көрсөтүүлөр боюнча долбоорунун алкагында акчалай жардам көрсөтүлмөкчү. Ал акча каражатына капиталдык ремонт талап кылынган, ошондой эле материал техникалык базасы жаңыртыла элек мектептерге керектүү жабдуулар сатылып алынат. Ошол максатта Азия өнүгүү банкынын эксперттери облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги менен бирдикте материалык колдоого өтө муктаж деп эсептелген мектептерди кыдырышып, билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG