Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрдү


ТАЛАС. Талас облустук кеңешинин 25-июнда өткөн 21-сессиясынын чечими менен курамы тогуз адамдан турган облустук шайлоо комиссиясы түзүлүп, ал Борбордук Шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөтүлгөн. Ал эми БШКнын 9-июлда чыккан токтомунда облустук кеңеш сунуштаган 9 адамдын төртөөсүнүн ордуна резервде тургандар киргизилип, жаңыланган. Таластагы бейөкмөт уюмдар тарабынан сунушталган Мунара Дилдемуратова комиссиядан чыгарылгандыгына байланыштуу адамдык укуктары бузулгандыгын билдирип, Шайлоо системасы боюнча эл аралык фондго, «Фридом хауз» эл аралык уюмуна нааразылык билдирген кат жолдоду. Ушундай эле негизде Карабуура районунун шайлоочулары да нааразы. Анткени, бул райондон көрсөтүлгөн өкүл Гүлайша Чокунбаева да комиссиядан чыгарылган. Натыйжада, аймактык тең салмактуулук бузулуп, комиссиянын тогуз мүчөсүнүн үчөө Талас районунун өкүлдөрү болуп калышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG