Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Чүйдө суу ташкыны катуу


БИШКЕК. Чүй облусунун Чүй районундагы Шамси суусунун деңгээли көбөйүп, үч көпүрөнү бузуп кетти. Азыр да суу нугунан чыгып, жэээгин каптап кетүү коркунучу катуу болгондуктан кырсыктын алдын-алуу иштерине бүгүн Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин аскер кызматкерлери тартылды. Алар кооптуу жерлерге күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп, бузулган жайларды калыбына келтирүү иштерине кол кабыш кылып жатышат. Ысыката районундагы Ысыката жана Туюк суулары кошулган жерде суу 100 метр жердеги суу түтүктөрүн талкалап кеткендиктен, бир катар айыл ичээр суусуз калды.

XS
SM
MD
LG