Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Р.Экеус Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссары Рольф Экеус «Билим берүү көп улуттуу коомдо интеграциянын куралы» деген программанын бет ачарына катышты. Бет ачар аземине мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын президенти Иса Токоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана өлкөдөгү улуттук-маданий борборлордун жетекчилери катышты. Анда «Билим берүү көп улуттуу коомдо интеграциянын куралы» аттуу программа ишке ашырыла турган болсо ар улуттун өкүлдөрүнүн биримдиги бекемделип, тил боюнча карама-каршылыктар болбойт деген ой айтылды. Билим берүү министринин биринчи орун басары Гайша Ибрагимованын айтымында, ал үчүн мектептен жогорку окуу жайына чейин кеминде төрт тилди мыкты окутуу зарыл жана ага аталган программа өбөлгө түзөт.

Рольф Экеус бул күнү президент Аскар Акаев, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, жергиликтүү өнүктүрүү министринин орун басары Бахтияр Фаттахов жана Билим берүү министри Мустафа Кидибаев менен жолугушуп, аз сандагы улуттардын абалы тууралуу пикир алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG