Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

«Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү төрагасын колдойт


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши бүгүн билдирүү таратып, анда партия төрагасы Феликс Куловдун ачкачылык жарыялаган акциясын колдой тургандыгын жарыя кылды. Анда Куловдун түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда чыгаруу арызынын каралбай жаткандыгы бул - азыркы бийлик башында тургандардын өз атаандаштарын кылмышкерлерге айлантып, аларга боштондук бербөөнүн аракети деп баа берилди. Саясий кеңеш андан тышкары саясий партия, коомдук жана бейөкмөт уюмдарды мыйзамсыздык менен башаламандыкка кайдыгер мамиледен арылууга, эл аралык уюмдар менен донор мамлекеттерди бийликтин демократияга карама-каршы келген саясатына принципиалдуу баа берүүгө чакырды. Партия төрагасынын мыйзамдуу талаптарын колдоо үчүн кийинки жумадан тарта райондорго чыгып, Куловго байланышкан кырдаал жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн, Юстиция министрлигинин, Жаза өтөө мекемелер башкармасынын, өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышаарын жана Куловдун арызын сот карабаса партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү да ачкачылык жарыялашаарын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG