Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Феликс Кулов саясий ачкачылык жарыялоого ниеттенүүдө


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов өлкөнүн башкы прокуроруна билдирүү жолдоду. Анда Кулов өз ишинин Сокулук райондук сотунда мыйзам негизинде каралуусуна Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелер башкармалыгы жолто кылып жаткандыгын билдирип, ага карата чара көрүүнү Башкы прокурордон өтүнгөн. «Эгерде прокуратура арыз каралбасын деген тыянак чыгарса, анда 22-июлдан тарта саясий ачкачылык жарыялаймын», деп айтылган Феликс Куловдун билдирүүсүндө.

Феликс Кулов 5-июлда №19 түзөтүү түрмөсүнүн башчысына арыз жолдоп, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгарууну өтүнгөн. Ал эми колония башчысы арызды канааттандыруудан баш тарткан токтомду 12-июлда чыгарган. Ал токтомду жокко чыгаруу өтүнүчү менен Феликс Кулов Сокулук райондук сотуна арыз жазган. Түрмө башчысы арызды райондук сотко бир күн ичинде жеткирүүгө убада кылып, бирок аны аткарган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG