Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

БИШКЕКТЕГИ АМЕРИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ПАРА АЛЫШПАЙТ?


Адам баласы "ушу сабатым ачылбай, караңгы бойдон калсам экен, аркы-теркини түшүнбөгөн түркөй болсом экен" деп эч качан кыялданбайт болсо керек. Анда, түркөйлүктү акча берип сатып алгандарга эмне дейбиз?! Сөз жогорку окуу жайларындагы паракорлук жөнүндө болуп жатат. Мындай нерсе бизде эле бар бекен, адам баласы бардык жерде бирдей дегендер болушу мүмкүн. Бирок ачуу чындык ушунда, мурдагы советтик жумурияттарга мүнөздүү бул көрүнүш өнүккөн мамлекеттерде жок, алардын өнүгүп-өсүп жатышынын сыры ушунда жаткан болбосун!?

Изат Нормурадов Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын биринде окуйт. Ал паракорлук кан-жанына сиңген системаны ичинен билет:

- Паракорлукка аралашкан студенттин өзү тандап алган адистик боюнча билими өспөйт. Буга медицинаны мисалга келтирсек болот. Пара менен диплом алган студент өз адистигинде иштемек тургай, теория жүзүндө эмне болуп жатканын түшүндүрүп бере албайт.

Медицина - эң татаал адистиктердин бири. Бирок билим алуу стандарттарынын начарлашы бардык илимдерге жана адистиктерге мүнөздүү болгондуктан, ооруну дарылай албаган дарыгерлер менен катар, мыйзамды териштире албаган адвокаттар, көпүрө салып, фабриканын курулушун пландай албаган инженерлер пайда болушууда. Мунун коом үчүн кесепети зор экенин дагы бир өзбек студенттин апасы жакшы түшүнөт:

- Билим берүү системасына атайын көңүл буруштары керек. Өйдөлөй албайбыз, бул кризиске гана алып барып такайт.

Айрым жергиликтүү университеттер ички коррупция менен күрөш алардын өздөрүнүн эле кызыкчылыгында экендигин түшүнүшөт. Бирок мындай окуу жайлар салыштырмалуу аз. Алардын арасынан Алматыдагы КИМЕП же Казакстандын Менежмент, Экономика жана Стратегиялык Изилдөө институтун жана Бишкектеги Америкалык университетти айтып жүрүшөт. Америкалык университетте паракорлук эмне үчүн жок? Биз ушул темада бул окуу жайдын бүтүрүүчүсү жана мугалими менен маек курдук эле, алды менен дагы башка коңшулаш мамлекеттердеги кырдаалдан кабар алалы.

Бахтияр Ашхабадда окуп жүрүп, кийин ата-энеси менен Европага көчүп кеткен. Ал Түркмөнстандагы окуу тажрыйбасы менен мындайча бөлүштү:

- Ашхабадда мен англис тил факултетине тапшыргам. Бир ай окугандан кийин, бир министрдин кызына орун табыш керек болуп, мени бир студент менен кошуп, орус тил факультетине которуп салышты. Мен ал жерде эки жыл окугандан кийин, көчүп кеттик. Ал жакта окууга мага мүмкүндүк болгон жок.

Ал эми тажик студенти Фарух медицина боюнча билимин аягына чыгуу үчүн Орусияга кетүүнү катуу ойлонуп жаткан кези:

- Мен Дүйшөмбүдө медучилищенин биринчи курсун бүткөндөн кийин, мединститутка тапшырдым. Бирок бардык мугалимдер менден акча сурашты. Аларды студенттерди окуткандан көрө, акча чогулткан көбүрөөк кызыктыргандай туюлду. Мен пара бербей өтөйүн дедим, бирок кулап калдым. Медучилищеге кайтып бардым. Дагы тапшырып көрөм, өтпөсөм Орусияга барып, тапшырам.

Фарух Орусияга кетсе, колу-жолу бош, жол чыгымы жетсе болду. Анткени Орусияга визасы жок бара алат, мындан тышкары Тажикстандын атуулдары Орусияда башка абитуриенттер менен бирдей шартта окууга өтсө, бекер билим алышат. Бул шарт Кыргызстандын атуулдарына да тийешелүү. Ал эми Түркмөнстандын шарты башка, эки ортодо келишим жок болгондуктан, түркмөн атуулдары орусиялык окуу жайларда келишимдин негизинде гана акы төлөп билим ала алышат. Мындан тышкары Түркмөн президентинин жардыгы менен жакында чет элдик дипломдор күчүн жоготту. Дээрлик бардык өлкөлөр менен виза режими болгондуктан, түркмөндөр оңой менен чет өлкөгө чыга алышпайт. Бул жөнүндө Соростун ачык коом инстутутунун билим берүү боюнча кеңешчиси Ивета Силова биздин радиого буларды билдирди:

- Түркмөнстанда абал айрыкча кыйын, мында коррупцияны айтпагандан да, жогорку билим берүү эки гана жылга созулат. Ошондуктан бул өлкөнүн окуу жайын эки жылда бүтүргөн студент башка өлкөдө билимин өркүндөтө албайт. Борбор Азиянын башка жумурияттарында да дипломдун баркы кеткен, бирок Түркмөнстанда абал айрыкча оор.

Ошентип, канткенде жогорку окуу жайдагы паракорлукка бөгөт коюга болот? Бул үчүн балким мындай көрүнүш менен ийгиликтүү күрөшү келаткан окуу жайлардын тажрыйбасынан үйрөнүү керектир. Анда студенттер өз күчү менен билим алып, мугалимдер ак эмгеги менен нан таап жеген Бишкектеги Американын Борбор Азия университетинин мисалын карап көрөлү. Университеттин мугалими Эмиль Жураев ушул жерде окуп, кийин АКШнын Индияна университетинде билим алып келген. Азыр университетте эл аралык саясат боюнча сабак берет. Жураев алгач жеке тажрыйбасынан айтып берди:

- Мен өзүм Бишкекте эки жылдай башка университетте окугам. Ал жерде эч качан пара берген эмесмин, жакшы эле окугам. Көп курсташтарым акча төлөп, белек берип жүрүшчү. Бирин-серин өз күчтөрү менен окугандар болгон. Бирок негизинен паракорлук чоң маселе. Ар ким эле өз күчүнө ишенип окуй албайт.

Азаттык: - Мугалимдер коомдун алдыңкы адамдары деп саналат эмеспи. Силер башка университете иштеген мугалимдер менен сүйлөшкөндө ушул теманы козгошобу?

Э.Ж.: - Козгошот, бирок америкалык университетте айлык жогору деп сүйлөшөт. Албетте алардын 1000-2000 сом айлыгы менен жашап болбойт. Паракорлук каныбызга сиңип калды окшойт. Бул маселени комплекстүү карабасак, мугалимдерди күнөөлөгөн менен жылыш болбойт.

Aзаттык: - Сизге студенттер акча берип, же ортого тааныш салган учурлар болду беле?

Э.Ж.: - Мен окутуп жаткан студенттердин арасында мындай нерсе эч качан болгон жок. Бирок жакында эле бизде окууга кабыл алууда бирин-серин мисалдар болду. Бирөөлөр келип "кыргызча эле ага-ини катары сүйлөшпөйлүбү" деп күйдүрүштү. "Кыргызча" деген паракорлук деген эмеспи. Ушуга капаланасың. Бирок студенттер окууга киргенден кийин паракорлук жат нерсе экенин түшүнө башташат. Кийин бул жөнүндө сөз да болбой калат.

Жогорку окуу жайлардагы паракорлукка каршы дагы абитуриентти кабыл алуунун системасын өзгөртүү менен да күрөшүү мүмкүн. Бул жөнүндө "Азаттыктан" кийинчерээк сөз болот.

Cүрөттө: Ортодо - Эмиль Жураев.
XS
SM
MD
LG