Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

"МАНАС" ЭПОСУНУН УЛУУ ПАМИР ВАРИАНТЫ


Теңдешсиз "Манас" эпосу эчен кылым изилденип келатканы менен андагы тарыхый жана маданий маалыматтын чети оюлуп ачыла элек. "Манас" эпосундагы даректик окуяларды иликтөөдө албетте, Улуу Памирден жазылып алынган дастандын үзүндүсү зор рол ойноору шексиз.

"Манас" эпосунда камтылган маалыматтын мүнөзүнө карап, айрым окумуштуулар аны дүйнөлүк океан менен салыштырышкан. Дастандагы тарыхый, тилдик, маданий фактылардын Борбордук Азия калктары үчүн бирдей таралышын эске алган айтылуу казак окумуштуусу Чокан Валиханов ""Манасты" талаа энциклопедиясы" деп атаган.

Бүгүнкү күндө "Манас" эпосунун 80 чамалуу варианттары белгилүү. Мезгилдик жактан алганда XVI кылымда жазылган "Мажму ат Таварихтен" тарта дастанды чогултуу иши бүгүнкү күндө да токтой элек. Мейкиндик багытында болсо "Манас" эпосунун таралыш географиясы асыресе Кыргызстан, Кытай жана Улуу Памирди кучагына алат. Өткөн кылымдын соңуна чейин илим коомчулугу "Манас" айтуу өнөрү азыркы Кыргызстандын аймагына тарайт деп эсептеп келишсе, 1972-жылы таанымал француз окумуштуусу Реми Дордун Афганистандын Улуу Памирин жердеген кыргыздар арасынан "Манас" эпосунун үзүндүсүн жазып алгандан кийин дастандын таралыш географиясы кыйла кенен экендиги билинди.

Француз окумуштуусу Реми Дор Улуу Памирде жашаган Ашым Аваз менен жолугушуп, анын айтуусунда 616 сап ырды жазып алган.


Ашым Аваз кесек уруусунун кызыл аяк уругун өкүлү жана 1972-жылы 51 жашта экендиги, зарыл иш менен шашып кетпегенде 616 саптан да ашырып "Манасты" айта тургандыгы Реми Дор тарабынан белгиленген.

Реми Дордун дагы бир баамдоосуна караганда Ашым Аваздын айткан үзүндүсү өз маалында В.В.Радлов жазып алган "Манастын" вариантына окшош. Гэул деме, "Манас" эпосу тарыхый окуяларга негизделип, анын мазмуну географиялык өзгөрүүлөргө саясий таасирлерге карабастан бир калыпта калып калган.


Реми Дор жазып алган "Манас" эпосунун Улуу Памирдик вариантын тыңдап көрсөк:

- Ой, кырылган-эй кырк чором, а,

Ой, жоюлган-эй жок чором, а,

Чапчаң бир айдап-эй жүргүлө, ай-йа.

Эр Көкчө менен-эй Алманбет, а,

Ода бир жетип-эй келбесин а,

Онон бир өтүп эй кетели ай-йа

Кырк жигит башы Кыргылчал.

Айланайын-эй эр төрөм а.

Үйрүлөйүн-эй жан төрөм а.

Сен деле таза дей эмессиң а,
Жаралуу болуп эй келипсиң а,

Сен деле жараңды көрсөт-эй, жан төрөм.
XS
SM
MD
LG