Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Израил премьеринин сөзүнөн чыккан чатак


Израилдин жана Франциянын ырасмий адамдары премьер-министр Ариел Шарондун “Францияны каптаган антисемиттизмден” качуу үчүн жөөттөрдү Израилге көчүп келүүгө чакыруусунан улам чыккан эки өлкө арасындагы араздашууну жымсалдоо аракетин кылышты.

Израил өкмөтүнүн өкүлү Ави Познер Франс-пресс агенттигине мындай деп билдирди:

-Бул маданий өзгөчөлүктөн улам Израил жана Франция ортосунда чыккан түшүнбөстүк болду. Биз үчүн Алия же жөөттөрдү Израилге көчүрүп келүү-биздин мамлекеттик идеологиянын негизи. Ал эми Франция үчүн башка бир кеп.

Франциянын тышкы иштер министри Мишель Бернер Шарондун сөзү боюнча “өтө олуттуу түшүнбөстүк бар” деп, ырасмий Париж атайын түшүндүрмөнү күтөөрүн билдирди.

Дүйшөмбү күнү президент Жак Ширак Шарон өз чакыруусу боюнча түшүндүрмө бермейинче, анын Францияга келиши ылайыктуу эмес экенин эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG