Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Ирак: Филиппиндик жаран барымтадан бошотулду


Иракта барымтага алынган филиппиндик айдоочу Анжело дела Круз бүгүн туткундан бошотулганын Филиппиндин президенти Глория Арройо айым тастыктап, мындай деди:

-Мен азыр эле аны менен сүйлөштүм. Анын саламаттыгы жакшы, көңүлү жайдары жана ал жөнүндө тынчсызданып, өмүрүн тилеген бардык филиппиндиктерге жакшы каалоолорун айтты.

Филиппин 51 жоокерин Ирактан чыгарып кеткенин маалымат булактары кабарлашты. Барымтачылар филиппиндик аскерлер өлкөдөн чакырып алынбаса, 54 жаштагы Круздун башы алынат деп коркутуп жатышкан.

XS
SM
MD
LG