Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

БУУ Израилден соттун дубал курууну токтотуу боюнча чечимин аткарууну талап кылууда


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамлеясынын чечимине ылайык Израиль тарабынан Иордандын батыш жээгинде “коопсуздук дубалын” куруу токтотулсун деген эл аралык соттун чечими аткарылууга тийиш. Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ичинен 150сү Израиль соттун чечимин аткарышы керек деген пикирин билдирди. Ал эми АКШ ага каршы добуш берди.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Гаагадагы эл аралык соттун жөөттөр тарабынан Иордандын Батыш жээгинде “коопсуздук дубалынын” курулушу мыйзамсыз деп тапкан чечими негизсиз деп билдирген.

Жөөт бийлиги Иордандын Батыш жээгинде узундугу 685 чакырымдык “коопсуздук дубалын” куруу улантылат деп маалымдаган. Тель-Авив мындай тосмонун курулушу жөөттөрдү палестин козголоңчуларынын чабуулдарынан сактайт деп түшүндүрүүдө. Ал эми Палестин автономиясынын жетекчилери “коопсуздук дубалынын” курулушу жөөттөр тарабынан палестин жерлерин ээлеп алгандыкка жатат деп айтышууда. Автономиянын жетекчилиги эл аралык коомчулук, Бириккен Улуттар Уюму Израилди эл аралык соттун чечимин аткартууга көмөктөшүүгө тийиш деп билдирген.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG