Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Лукашенко дагы бир мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүшү ыктымал


Минск. Беларустун президенти Александр Лукашенко эгерде эл колдосо үчүнчү мөөнөткө дагы бир ирет президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүшү ыктымал. Бул жөнүндө президент Лукашенко кечээ Беларустун сыналгысынан сүйлөп жатып мындай деди:

- Лукашенконун үчүнчү мөөнөтү Конституцияга ылайык гана жана эл ушундай чечим кабыл алса гана болот. Эгерде мага эл 2006-жылы президенттик шайлоого катышууга уруксат берсе мен ага буга чейинки шайлоолордой эле, башка талапкерлер менен катар катышам , - деди Беларустун президенти.

Серепчилердин айтымында, Александр Лукашенко келээрки президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтүү үчүн өлкөдө референдум өткөрүлүшү керек. Анткени, Беларустун Конституциясына ылайык, бир адам беш жылдан эки мөөнөттөн ашуун президент болуп шайлана албайт. Беларуста президенттик шайлоо 2006-жылы болот.

Лукашенко 1994-жылы Беларустагы президенттик шайлоодо көпчүлүк добушу менен жеңген.

XS
SM
MD
LG