Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

ШАЙЛООЛОР ЭЛАРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН ШААБАЙЫН СУУТПАСА БОЛДУ


Быйыл күздөн тарта Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталат. Октябрь айынын башында жергиликтүү кеңештер, кийинки жылдын февралында парламент, күзүндө президент, жыл соңунда жергиликтүү бийлик жетекчилери шайланат. Коом турмушундагы олуттуу саясий өнөктүктүн кандай өтүшү кылдат байкоого алынары турган иш. Ошондон улам Кыргызстанда өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоолорго эларалык уюмдардын, Батыш өлкөлөрүнүн кызыгуусу күч.

Постсоветтик өлкөлөрдө шайлоо оголе көп мыйзам бузуулар менен коштолору ушу тапта Батыш өлкөлөрү үчүн жаңылык деле болбой калды. Адатта улуттук өзгөчөлүк деген себепке байланган шылтоонун артында бийликтин кызыкчылыгы, калктын көңүлкоштугу жатат.

- Адилет, калыс шайлоо өткөрүү үчүн демилге керек деген сөз кулакка жакшы угулат. Калыс, адилет шайлоо өткөрүү жөн эле каалоо эмес, биздин милдетибиз дагы. Биздин шайлоочулар кантип добуш беришкени, анын жыйынтыгынын кандай чыгарылганы өтө татаал маселелерге кирет,- дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын бөлүм башчысы Халима Бакирова.

Анын айтымында, участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбайт. Чоң саясий жооптуу ишти кошумча коомдук милдет катары аткарышат. Алардын ишке жоопкерчилигин жогору деп айтыш кыйын, дейт БШК кызматкери.

Жакында облустук шайлоо комиссиялардын курамы бекитилди. Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн кырктан ашуун партиялардын жетөө гана облустук шайлоо комиссиялардын курамына өз катарынан өкүлдөрдү киргизүү сунушун жолдошкон.

Конституция жаңылангандан кийин тизме менен парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган саясий партиялардан баштагыдай активдүүлүктү күтүш да кыйын. Анткен менен ушу тапта биртоп саясий партиялар калк арасында үгүт иштерин жандантып, келерки шайлоого чыкчу талапкерлерине колдоо көрсөтүп жаткан чагы. Алгачкы сыноо жергиликтүү кеңештерге шайлоодон башталат.

- Азыр бизде шайлоо токтогон жок. 2001-жылы айыл өкмөттөрү шайланган. Мына былтыртан бери 17 айыл өкмөтүнүн жетекчилери которулду. Бирөө иштей албай бошоду, дагы бирөө акимге жакпай калды. Иши кылып, объективдүү, субъективдүү себептер болду. Азыр биз 2 – 3 райондо, кээ бир айыл өкмөттөрдө шайлоо өткөрүп атабыз,- дейт Чүй облустук шайлоо комиссиясынын башчысы Айчүрөк Эшимова.

Быйылкы күздөн эмдиги жылдын аягына чейин уланчу шайлоонун калыс, адилет өтүшүнө эларалык уюмдардын, Батыш өлкөлөрүнүн кызыгуусу артууда. Жай саратанда Бишкекке атайын иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитижди кызыктырган маселе да негизинен шайлоо, бийликтин мыйзамдуу алмашуусу болду. Кошмо Штатттардын Бишкектеги элчилиги тараткан маалыматка караганда, Р.Армитиж бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда шайлоо өлкө жана жалпы эле чөлкөм үчүн сабак болорун баса белгилеген:

- Бу чөлкөмгө баштоочу керек. Менин түшүнүгүмдө, лидерлик же баштоочу болуу өлкөнүн ээлеген аймагынын чоң-кичинелигине, калкынын аз-көптүгүнө байланыштуу эмес. Философиянын айныксыз акыйкаттарынын бири ушундай.

Батыш өлкөлөрүнүн антип өтөлек шайлоого чоң үмүт артып, эларалык стандарттын негизинде өтүшүн улам-улам кайталап атышынын себеп-жөнү деле белгилүү. Кыргызстан постсоветтик Борбор Азия республикаларынын арасында демократиялык жаңылануу аракетинде биртоп кемчилик-мүчүлүштөргө жол бергенине карабастан, Батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн кайт кыла элек.

Ошондон улам эларалык уюмдар Кыргызстандагы шайлоо үчүн баш-аягы 3 миллион доллар акча беришерин жарыя кылып отурушат. Бул каражат жалпысынан шайлоо комиссияларында иштегендердин айлык маянасын көтөрүүгө, аларга жетиштүү шарт түзүп берүүгө, тийиштүү укуктук документтерди арбын чыгарып элдин саясий маданиятын жогорулатууга жумшалмакчы. Бул ирет да өлкө колдоо көрсөткөндөрдүн демин суутпаса болду.
XS
SM
MD
LG