Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы президент Аскар Акаевдин келерки күздө өтөөрү күтүлүп жаткан президенттик шайлоого катышуусун кепилдей албайт. Акаев акыркы мезгилде ушундай ойду маал-маалы менен кайталап келатат. Акыркы ирет ушул өңүттөгү пикирин АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж менен болгон жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында билдирген. Бирок, мындай билдирүү деле оппозициялык саясатчыларды «Акаев президенттик шайлоого барышы ыктымал» деген божомолунан кайтара алган жок.

Президент Аскар Акаевдин келерки мөөнөткө шайлоого катышпай тургандыгы тууралуу билдирүүсүнө таянган Батыш талдоочулары бул демилге бийликти демократиялык жол менен өткөрүп берүүнүн постсоветтик өлкөлөрдөгү үлгүсү болорун белгилеп келатышат. Ал эми Кыргызстандын өзүндө болсо оппозициялык күчтөр Акаевдин билдирүүсүн кезектеги эле көз жазгыруу катары санашат. Алардын пикиринде Акаев 2000-жылы мыйзамсыз шайлануу жолу менен ишенимден кетип калган.

Аскар Акаевди президенттикке алгачкы жолу 1990-жылдын 27-октябрында СССРдин курамындагы Кыргызстандын парламенти шайлаган. Андан кийин 1991, 1995, 2000-жылдары жалпы элдик шайлоодо жеңишке жетишкен. Акыркы шайлоонун алдында Конституциялык сот Акаев 2000-жылкы шайлоого барууга укуктуу деген чечим чыгарып, аны 1993-жылы кабыл алынган эгемендүү Кыргызстандын жаңы Конституциясы менен негиздеген болчу. Маселени кароого анда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын сунушу негиз берген.

Эми Конституциялык сот президент Аскар Акаевдин талапкердик укугун 2005-жылкы шайлоо алдында кайрадан аныктамай болуп жатат. Мындай маселенин көтөрүлүшүнө өткөн жылы Конституциянын жаңы редакциясынын референдум аркылуу кабыл алынышы негиз берди. Депутат Дүйшөн Чотонов адегенде азыркы Конституция Акаевдин келерки мөөнөткө барышына жол берер-бербесин тактап берүү суранычы менен Жогорку Кеңештин кош палатасынын тиешелүү комитеттерине кайрылып, бирок эки башка жооп алган. Ошондуктан, депутат маселенин башын ачып берүүнү сурап, Конституциялык сотко арыз жолдогон.

Президент Аскар Акаев болсо Конституциялык сот кандай чечим чыгарбасын, шайлоо Конституциянын чегинен кыйшаюсуз өтөөрүн өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж менен бирге Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында билдирди:

- Сиздерде президент же анын тарапкерлери Конституциялык сот аркылуу жаңы мөөнөткө жол ачууну каалап жатат деген ой болбосун. Андай болбойт. Бул оппозициянын суранычы. Бирок Конституциялык сот кандай чечим кабыл албасын, мен дагы бир жолу кайталагым келет, биз шайлоону Конституциядан кыйшаюусуз өткөрөбүз жана өзгөртүү киргизүүгө аракеттенген жерибиз жок.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Акаевге - отставка, элге - реформа» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун оюна караганда, мындай билдирүүлөр Акаевдин бийликти өткөрүп берерин кепилдей албайт:

- Конституциянын негизинде кетип атам деп айта берет да… Кандай гана жол менен болбосун бийлигин сактап калууга аракеттенишип, азыр бардык жан-жөкөрлөрү «өлүп-талып» иштеп атышат. Бирок ал референдум жолу менен барабы, Конституциялык соттун чечими менен болобу, же болбосо элдик демилге менен болобу, ал - башка маселе.

Өткөн жылы Ош шаарындагы жаштар тобунун, кийинчерээк ишкерлердин Аскар Акаевге келерки мөөнөткө баруу суранычы менен кайрылышы оппозициялык саясатчылардын күдүк оюн ого бетер күчөтүп койгон. Акаевдин тарапкерлери демилгелерди кезинде демократиянын шарапаты дешсе, оппозиция бийликтин маш болгон тааныш ыкмасы катары баалаган.

Бийликке ыктаган саясатчылардын өкүлдөрү оппозициянын президентке ишенбестигин ашынгандык катары белгилеп жүрүшөт. Ал эми чордончул партиялардын катарында саналган «Акыйкат жана прогресс» партиясынынын төрагасы Муратбек Иманалиев Акаевдин келерки шайлоого барбай тургандыгына терең ынанат:

- Президентке толук ишенем. Канча жолу (бир нече жолу) айтты: "президенттик мөөнөт бүттү, мен президенттик шайлоого катышпайм" деп. Мен ошого толук ишенем.

Айрым талдоочулар саясатчылардын Аскар Акаевдин келерки мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартышына акыркы чекитти Конституциялык сот гана коё аларын айтышат. Конституциялык сот болсо "Атамекен" партиясынын мүчөсү, депутат Дүйшөн Чотоновдун арызын ушул күздө кароону болжоп жатат. Төрайым Чолпон Баекованын өтүнүчү боюнча Жогорку Кеңеш аталган иш боюнча Конституциялык Сотко өзүнүн өкүлдөрүн дайындады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG