Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси Ысыккөлдө байкоочуларды тандай баштады


КАРАКОЛ. Мындай маалыматты «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикменин жана «Социал демократиялык» саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Доктурбай Мурсабеков билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге, парламенттик жана президенттик шайлоолорго байкоочу болуп катышууну каалагандар арбын болгондуктан алардын арасынан билим деңгээли жогору, демократиялык принциптерди ыйык туткан адамдар тандалууда. Тандалып алынган байкоочулардын тизмеси «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикменин республикалык штабына жиберилет. Байкоочу болуп бекитилгендер Кыргыз Республикасынын шайлоо кодекси, дүйнөлүк тажрыйба жана байкоочунун укугу, милдеттери жана башка темаларды камтыган окуудан өтөт.

XS
SM
MD
LG