Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Ош облусунда кутурма оорусунан эки адам кайтыш болду


ОШ. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, аталган эки адамды тең көчөдө жүргөн жолбун иттер каап алып, өз убагында медициналык жардамга кайрылбагандыктан өлүмгө дуушар болушту. 20-июль күнү Араван районунун тургуну Өлмөсхан Рахманова оорусу өтүшүп кетип, оор абалда райондук ооруканада кайтыш болду. Ал эми Ош шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Зарифа Турсунова ит каап алгандан эки ай өтүп, оорунун белгилери коркунучтуу мүнөзгө айланганда гана ооруканага кайрылган. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекетинин кызматкери Айчүрөк Келдибекова, жергиликтүү ветеринардык кызматтын абалды көзөмөлгө ала албагандыгынан улам жогорудагыдай жагымсыз абал түзүлүп жаткандыгын билдирди. Ал эми Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Сарбанов массалык эмдөөлөрдү өз убагында жүргүзүп турууга өкмөт аз каражат бөлүп жаткандыгын айтып даттанды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG