Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Баткенде сел жүрдү


БАТКЕН. Облустук жарандык коргонуу штабынын 21-июлдагы маалыматына караганда, 20-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шейшемби күнү кечки саат 7-30да Лейлек районунда сел жүргөн. Натыйжада Ош-Исфана жолунун Коргон айылына жакын жердеги эки чакырымдай бөлүгүн сел жууп, ушул эле жолдогу көпүрөнү алып кеткен. Мындан сырткары Исфана шаар башкармалыгынын жана Тогузбулак айыл өкмөтүнүн аймагында 27 короо жайды, 14 чарбалык курулуштарды суу каптап, ички жолдорду сел бузган. Учурда бузулган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп, бул табият кырсыгы алып келген чыгымдар такталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG