Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

АКШдагы уюм жардам берет


БИШКЕК. Америкадагы «Ситихоуп» аттуу кайрымдуулук уюму ушул айда Кыргызстанга 75 тонналык тамак алып келет. Ал ЮСАИД агенттигинин «Тынчтыктын атынан азык-түлүк жардам» аттуу программанын алкагында берилет. Мындай маалыматты бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Ал кабарга караганда, витамин жана минерал заттары кошулуп жасалган тамак алты ай бою 20 миңден ашуун адамга берилет. Ал Чүй, Ош, Баткен жана Жалалабад облустарындагы кургак учукту дарылоочу ооруканаларга, карылар менен балдар үйлөрүнө жана түрмөлөргө таратылат.

XS
SM
MD
LG