Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Айыл мектептерине акча бөлүндү


БИШКЕК. Өкмөт тарабынан түзүлгөн «Айыл мектеби» программасына Дүйнөлүк банк 15 миллион доллар каражат бөлгөн. Аны турмушка ашыруу үчүн билим берүү министрлиги «Жаш мугалим үчүн үй» жана «Жаш мугалим үчүн депозит» аттуу эки долбоор түздү. Алар аркылуу жаш мугалимдерди социалдык жактан коргоо максаты ишке ашырылмакчы. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө үч миңден ашуун мугалим жетишпейт. Анын ичинде англис тили боюнча 643 окутуучу жок болууда. Мугалимдердин жетишсиздиги Баткен жана Чүй облусунда өзгөчө сезилүүдө. Дүйнөлүк банктын 15 миллион доллар жардамынын негизинде мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселесин министр Мустафа Кидибаев көтөргөндө, ага банктын өкүлү Майкл Мерто каршы чыгып, аны грант түгөнгөндөн кийин айлык акынын кайрадан азайышына алып келери менен байланыштырган. Бул тууралуу бүгүн билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG