Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Евробиримдик жардам берет


БИШКЕК. Европа Биримдиги Кыргызстандын айыл жеринде жашаган калкы менен колунда жокторго жардам катары 10 миллион доллар берет. Мындай маалыматты бүгүн вице-премьер министр Уларбек Матеев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу боюнча кеңештин өткөн жумада Брюсселдеги алтынчы отурумунда кабыл алынган. Аталган отурумда Кыргызстан менен Биримдиктин мындан аркы кызматташуусунун багыттары талкууланып, Европа биримдигинин ТАСИС программасынын мүнөзүн өзгөртүү, тактап айтканда, техникалык жардамды өнүгүүнү өркүндөтө турган башка жардам менен алмаштыруу зарылдыгы белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG