Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Куловдун арызы сотко жеткирилет деп айтылууда


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун Сокулук райондук сотуна жазган арызы жакынкы күндөрдө сотко жеткирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, шарттуу түрдө боштондукка чыгуу мөөнөтүн тактап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга Феликс Куловдун толук укугу бар. Ал эми арыздын сотко өз убагында жетүүсүнө тоскоолдук кылган №19 түзөтуү колониясынын жетекчилиги тартипке чакырылат.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Куловдун арызынын каралышынын кечеңдетилип жатышын бийлик тарабынан атайлап жасалган иш аракет катары баалап, мыйзамга ылайык партия лидери тез арада боштондукка чыгыш керек деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG