Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Укук коргоочу уюм Ф.Куловду бошотууну талап кылды


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов түрмөдөн 2005-жылдын ноябрь айында чыгат деген маалыматка байланыштуу бүгүн Кыргызстандын укук коргоо кыймылы билдирүү таратты. Анда Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармасынын Кулов 2005-жылдын күзүндө чыгат деген чечими Куловдун саясий негизде камалгандыгынын айкын далили деп айтылат. Андан тышкары, түрмө жетекчисинин токтомун жокко чыгаруу тууралуу Кулов берген арыздын сотко жиберилбей жатышы эле анын куугунтукталып жаткандыгын билдире тургандыгын белгиледи жана мындай аракет Кыргызстан кол койгон эл аралык мыйзамдарга карама-каршы келээрин билдирип, Феликс Куловду тезинен бошотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG