Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Феликс Кулов президенттик шайлоодон кийин абактан чыгат деген маалымат бар


БИШКЕК. Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Феликс Куловго түшүндүрмө кат тапшырды. Анда Кулов 2005-жылы ноябрь айында шарттуу түрдө абактан чыгаары эсептелип берилген. Бул тууралуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров бүгүн билдирди. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы, «Арнамыс» партиясынын лидерлери жана Куловдун адвокаты Феликс Кулов быйылкы жылы июль-август айларында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө боштондукка чыгарылыш керек деген пикирде. Феликс Кулов бул маселени тактап чечиш керек деп Сокулук райондук сотко кайрылган. Бирок анын арызы багытталган дарегине жеткен эмес. Ошого байланыштуу ал башкы прокурорго кайрылып, эгерде маселени сотто кароого жол берилбесе 22-июлдан тартып саясий ачкачылык жарыялаарын билдирген. Азырынча Кулов ачкачылык жарыялоо мөөнөтүн кийинкиге жылдырганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG