Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Саударавияда өлтүрүлгөн америкалык атуулдун башы табылды


Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министрлиги бүгүн маалымат таркатты. Сыналгыдан жасалган билдирүүдө айтылгандай, өткөн айда өлтүрүлгөн Пол Жонсондун башы баш калаа Эр-Рияддагы батир үйлөрдүн биринде тоңдургучтун ичинен табылган.

Кечээ кечинде Эр-Риядда падыша Фахт жашаган жерге коңшулаш ооданда кагылышуу болуп, жардыруулар тууралуу кабарланган. Бир нече жанкечти жардыруусунан, куралдуу кагылышуулардан жана барымтага алуулардан кийин падыша Фахд жарыялаган мунапыстын мөөнөтү жума күнү бүтүп жатат. Төрт куралчан бийликтерге багынып берди. Ошол эле убакта "ал-каидачылар" же алардын колдоочулары деп шектелген башка куралчандарды колго түшүрүү аракеттери күч алууда.

XS
SM
MD
LG