Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Ооганстанда кишилерди мыйзамсыз камаган үч америкалыктын үстүнөн сот иши башталды


Жонотан Идема, Брент Беннет жана Эдвард Карабалло 5-июлда кармалган эле. Үчөө Ооганстандын коопсуздук күчтөрү баш калаа Кабулда бир үйдү тинткен учурда колго түшүрүлгөн.

Ооган бийликтеринин билдиришинче, АКШнын үч атуулу бир нече ооган менен биригип алып, террорист деп шектелген сегиз кишини кармап, суракка алып, кыйнашкан. Америкалыктар бүгүн көрсөтмө беришкен жок, бирок бейрасмий сүйлөгөн сөзүндө "АКШ өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн күжүрмөн колдоосу менен иштегенбиз" деп айтышты.

АКШнын жана Ооганстандын өкмөттөрү "үчөөнө расмий колдоо болгон эмес" деп билдиришкен. Мыйзамсыз түрмөнүн бир нече мурдагы айыпкери сотто аларды уруп, ачка кармашканын айтышты. Сот жараянында танапис жарыяланды.

XS
SM
MD
LG