Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Дарига Назарбаева парламенттик шайлоого катышат


Казакстандын президентинин кызы "Асар" партиясынан көрсөтүлгөн 50дөн ашык талапкердин тизмесинде экендигин аталган партиянын маалымат катчысы Шолпан Забик бүгүн бышыктады.

Мунун алдында казак оппозициясы шайлоолорду бойкоттоорун эскерткен. "Ак жол", "Демократиялык тандоо" жана Коммунисттик партиялар 19-сентябрда өтө турган добуш берүүдө бардык партияларга бирдей шартта ат салышууга мүмкүндүк берүүнү талап кылышты.

Алар ошондой эле бийликтер шайлоого жана добуш саноого кийлигишип же дагы башка эрежелерди бузса да, шайлоону бойкоттошоорун билдиришти. Аталган партиялар мындан тышкары өкмөттү сентябрдагы шайлоодо электрондук шайлоо системасын колдонуу чечиминен баш тартууга чакырышты. Алардын көз карашында, бул система шайлоо жыйынтыгын бурмалоого шарт түзөт.

Кечээ президент Нурсултан Назарбаев аймактык акимдер менен жолугуп, "шайлоо эркин, акыйкат жана ачык болот" деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG