Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Израил дубал курууну уланта берээрин жарыялады


Батыш Жээктеги коопсуздук тосмосун алып салууну талап кылган резолюция кечээ Бириккен Улуттардын жалпы жыйынында басымдуу көпчүлүк менен жактырылган эле.

Израилдин өкмөт башчысынын кеңешчиси Дор Голд Израиль коргонууга укуктуу деп билдирди:

- Палестиндердин террордук чабуулдарында жана 150 чакты жанкечтилердин кол салууларында израилдик миң атуул курман болгондон кийин, Израилдин коргонуу тосмосун башында пландалгандай куруп бүтүрүүгө бардык укугу бар.

XS
SM
MD
LG