Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Палестин өкмөтүнүн башчысы Ахмед Курей депутаттын атылышын айыптады


Палестин парламентинин мүчөсү Набил Амырды кечээ кечинде белгисиз кишилер бутуна эки жолу атып кетишти. Амыр президент Ясер Арафаттын ишин сындаган телеинтервьюдан кайтып келаткан эле. Курей бүгүн бул кылмыш жалгыз Амырды бутага алган жок деди. Мурда маалымат министри болуп иштеген Амыр азыр ооруканада жатат. Эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Анын аралыгында, Палестин парламенти палестин аймактарындагы саясий кырдаалды өкмөт башкара албай калды деп айтылган билдирүү жарыялап, Ясер Арафатты премьер-министрдин отставкага кетүү арызын канааттандырууга чакырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG