Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

КЫРГЫЗСТАН-УКРАИНА КЫЗМАТТАШТЫГЫ КАНДАЙ ӨНҮГҮҮДӨ?


21-июлда Украинанын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Соловей маалымат жыйынын өткөрдү. Анда өкүл жүрналисттерди Украина республикасындагы саясий-экономикалык кырдаал менен тааныштырып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык тууралуу айтып берди. Ал эми Украинанын Кыргызстанга болгон 27 миллион доллардан ашуун карызы тууралуу суроого так жооп айтылган жок.

Маалымат жыйынында айтылгандай азыр Украина республикасынын экономикасы катуу темп менен өнүгүп жаткан учур. Акыркы беш жылда ички продукция өндүрүшү үч эсеге, өнөр жай 60%га өскөн. Украинадагы орточо айлык акы 555 гривенди түзөт, бул - 104 АКШ долларына тете. Сырттан келген инвестициялардын өсүшү 1,2 млрд. долларды түздү.

Украинанын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Владимир Соловейдин айтуусунда, бүгүнкү күндө Украина Кыргызстанга да инвестиция бөлүүгө кудурети жетип калды. Ал үчүн Кыргызстан тараптан расмий сунуш болушу керек.

Эки өлкө бири-бирин көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган убактан бери Кыргызстан менен Украинанын ортосунда 78 кызматташтык келишимдери түзүлгөн. Өкүл мырзанын айтымында, алардын ичинен жыйырмадан ашуун келишим күчүн жоготкон. Эң негизгиси - 1993-жылы мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган «Достук» келишими. Анда саясий-экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн. 2003-жылы Кыргызстан менен Украинанын соода көлөмү 18 млн. долларга чейин жеткен, ал эми үстүбүздөгү жылдын жарымында эле 10 млн. 400 миң долларды түздү.

Владимир Соловей Кыргызстан менен Украинанын гуманитардык кызматташтыгы да жакшы иштеп жаткандыгын белгиледи. Анын сөзү боюнча, быйылкы окуу жылында кыргызстандык 31 улан-кызга Украинанын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берилген. Алардын ичинен бир орун Жуковский атындагы улуттук аэрокосмикалык университеттен бөлүнгөн. Өкүлдүн берген маалыматы боюнча, украин улутундагы элдердин Кыргызстандан кетүүсү да акыркы үч жылда азайган.

Владимир Соловей мырза эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу жана достук мамилелери жакшы өнүгүп жаткандыгын айтып, эки тараптан тең нааразылык жок экендигин баса белгиледи. Ал эми Украинанын Кыргызстанга он жылдан ашуун убакыттан бери кайтарылбай келе жаткан 27,2 млн. доллар карызы боюнча суроого өкүл так жооп берген жок. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн банк жана каржы адистери бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат:

- Бул маселе боюнча бүгүнкү күнгө чейин Украина менен Кыргызстандын банкирлеринин жана финансисттеринин ортосунда бир нече жолу кеңешмелер болуп өттү. Бир аз жылыштар бар. Менин оюмча, жакынкы арада эки тарап тең бул маселени чечүүнүн жолун табышат.

Бирок Кыргызстан тарап Украина карызын төлөмөйүнчө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө акысы жок экендигин белгилеп, карызды өндүрүп алууга аракет кылып келген. Экономиканы өнүктүрүү жана тышкы соода министрлигинин тышкы соода башкармалыгынын жетекчиси Анархан Рахманованын айтуусунда, Украина бул карызды Союз мезгилинен калган карыз катары төлөөдөн баш тартып келатат:

- Союз тарап жаткан мезгилде атайын макулдашуунун негизинде товарлар жөнөтүлгөн Украинага. Аны Кыргызстан жиберген. Ошондуктан биз карызды төлөп берүүсүн талап кылып келатабыз. Эми мамлекеттер ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, өз ара товар алмашуу же башка жолдор мененби, айтор, бул карыз маселеси чечилүүсү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG